БИЗ ЖӨНҮНДӨ

БИЗ ЖӨНҮНДӨ

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы «Спорттук комплекс» мамлекеттик ишканасы 2002-жылдын февраль айынан тартып дене тарбия жана спорт, ден-соолукту жана эс алуу иш-чараларды уюштуруу жагынан коммерциялык жаатында иш алып бара баштаган. (КР Президентинин Иш башкармалыгынын 2002-жылдын 30-январындагы № 12-пр буйругу).   Эки бассейн (чоң жана кичи) ,мини-футбол, волейбол, баскетбол ойногонго спорттук зал, машыгуу залы бар. Бассейндердин көлөмү (чоң 15х25 м), (кичи 6х9) тереңдиги (чоң 1,4 м. 1,9 м. чейин) (кичи 0,8 м. 1,0 м.чейин.) Администрация жана спорт зал имараты 1976-жылы , бассейн менен машыгуу залынын имараты 1985-жылы эксплуатацияга берилген. Ишкананын максаттарынын бири Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Жогорку Кеңеш Аппаратынын, Иш башкармасынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлерине дене тарбия жана спорт жаатында кызматтарды камсыз кылуу. 2017-жылы кичи бассейнде капиталдуу ремонт өткөрүлдү. Азыркы учурда бассейн эл аралык стандарттар жана талаптарга ээ. Суу күн сайын эки жолу 100% чыпкалоодон өткөрүлөт. Суунун температурасы кышында +29°C +30°C чейин,  жайында+26 °C, +28 °C.